АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:16, 1 Март (Жалган куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Борб. ж-а Ички Теӊир-Тоонун чегинде. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөнү, батышынан Нарын д-нын баш жагы м-н чектешип, түш.-батыштан түн.-чыгышка карай созулат. Уз. 60 км, эӊ жазы жери 28 км. Орт. бийикт. 4720 м, эӊ бийик жери 5100 м (Жаман-Суунун оӊ куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон ж-а карбон мезгилдеринин чөкмө ж-а эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуӊдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндүү сиенит ж-а турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын ж-а калайдын өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түн. (Сары-Чат, Ээр-Таш, Май-Төр), ортонку (Кызыл-Эшме), түш. (Үч-Көл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларынын (4500‒5000 м) ж-а өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000‒4500 м) мөӊгүлөр ээлейт. 3500‒4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, о. эле тоо мөӊгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түн. ж-а түш. этектери аркылуу тектон. жаракалар өтөт. А.-Ш. т. т-нда аянты 432 км2ге жеткен 130дай мөӊгү (Петров, Давыдов, Кум-Төр ж. б.) бар. Эӊ ириси ‒ Петров, мындан Нарын д. башталат. Өрөөн мөӊгүлөрүнүн уз. 10‒20 кмге жетет. Түн.-батыш этегинде Кум-Төр алтын кени бар.