АВТОТРАНСФОРМАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 28 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(авто ... ж-а трансформатор) ‒ төмөнкү чыӊалуудагы оромосу м-н жогорку чыӊалуудагы оромосу гальваникалык байланышта  жасалган электр трансформатору. Демейде А-дун экинчи оролмосу биринчи оролмонун бир бөлүгү катары кызмат кылат. А-дун өзгөртүүкоэфф-и n=U1/U2= W1/W2, мындаU1 ‒ жогорку чыӊалуу, U2 ‒ төмөнкү чыӊалуу, W1 ж-а W2 ‒ А-дун оромолорундагы оромдорунун саны. Өзгөртүү коэфф-и кичине болгондо А. кадимки трансформаторго караганда жеӊил ж-а арзан болот. А-дун кемчилиги ‒ биринчилик ж-а
Эки чыӊалуулуу (500‒750 кВ) линияларды байланыштыруучу автотрансформатор ж-а анын электрдик схемасы.

экинчилик тизмектеринин гальваникалык байланышы. Жүгү барда жөндөлүүчү аз кубаттуулуктагы А-дун алгы чекитин жылдыруу м-н экинчилик чыӊалууну кеӊири чектерде өзгөртүүгө болот. Ал башкаруу тизмектеринде, автоматтык түзүлмөлөрдө ж-а тажрыйба орнотмолорунда колдонулат. Кубаттуу А-лордо чыӊалуу кадимки трансформатордогудай эле жөндөлөт. үч фазалуу же бир фазалуу тайпадан жасалат. Ж. А. Апышев.