АК-САЙ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:47, 28 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒  Кыргыз Ала-Тоосунун түн. тармагы ‒ Аюу-Төрдүн батыш капталындагы жанаша жаткан 2 мөӊгү (Чыгыш ж-а Батыш). Ала-Арча суусунун алабынан орун алган. Өрөөн тибиндеги мөӊгүлөргө кирет. Чыгыш А.-С. мөӊгүсүнүн уз. 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4870 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Батыш А.-С. мөӊгүсүнүн уз. 6,4 км, аянты 4,4 км2. Деӊиз деӊг. эӊ бийик жаткан жери 4840 м, этеги 3220 м. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Мөӊгүлөр акырындап чегинүүдө. Этек мореналары даана байкалат. Алардан Ак-Сай суусу башталып, Ала-Арчага оӊ тараптан куят.