АТ ТОКУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:40, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ сапарга, аӊчылыкка чыгууга, көчүүгө ж. б. иштер үчүн унааны минүүгө даярдоо. Ат сол жагынан токулат. Адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) ат жабуу жабылат.
АТ ТОКУУ39.png

Желдик (каптырга), о. эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл м-н тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат.