АКТИВДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:29, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒  1) т е р м о д и н а м и к а л ы к А. ‒ эритмелердеги иондун ж-а молекулалардын хим. реакцияга катышкан нагыз концентрациясын туюнтуучу чоӊдук. Активдүүлүктүн (а) концентрацияга (с) болгон катышы (а:с=i) А. коэффиценти (i) деп аталат. Ал термод. теӊ салмактуулук константан эсептөөдө колдонулат; 2) р а д и о а к т и в д ү ү  б у л а к т ы н А-гү ‒ убакыт бирдигинде радиоактивдүү ажыроонун саны. СИдеги А-түн бирдиги ‒ беккерель (Бк). 1 Бк бул 1 секдагы 1 ажыроого барабар. Мындан тышкары кюри (Ки) бирдиги бар. 1 Ки=3,7.1010 Бк. Бул 1 г радийдин ажыроо А-гү.