АК-САЙ - Ат-Башы районундагы суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:20, 21 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Ат-Башы р-нундагы суу, Какшаал д-нын негизги түзүүчүсү. Ички Теӊир-Тоодогу Ак-Сай өрөөнү аркылуу агат. Уз. 96 км, алабынын аянты 7440 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түш. капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, адегенде ‒ Кеӊ-Суу, оӊ тараптан Терек суулары кошулган соӊ, Ак-Сай деп аталат. Ак-Сай өрөөнү аркылуу чыгышка карай агып, Мүдүрүм ж-а Көк-Кыя суулары кошулуп, Какшаал д-сын түзөт. Куймалары: Кызыл-Суу, Кош-Караташ, Муздабас, Жол-БОГОШТУ (сол), Терек, Текелик, Кулжа-Башы (оӊ). Нугу башынан аягына чейин дээрлик кенен (100‒1000 м), суусу салаалап жай агат. Июль, август айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы          9,3 м3/сек; эӊ көбү ‒20,5 м3/сек, эӊ азы ‒3,26м3/сек. Алабында жалпы аянты 120,9 км2 келген 93 мөӊгү бар. Боюнда Тармал-Саз кыш. жайгашкан.