АГРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:01, 21 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Agra) (санскритче Арья Грах ‒ «арьялар шаары») ‒ Индиянын түндүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,8 млн (2011). Жамна д-нын боюнда, Дели ш-нан 200 км түш.-чыгышта. Жолдор тоому. 15‒16-к-да негиздел ген. 1504-жылдан Дели султандыгынын резиденцияларынын бири болгон. 1526-ж. Бабур басып алып, Улуу Моголдор мамлекетинин (Дели м-н кошо) борбору атаган. А. ‒ Улуу Могол арх-ра стилинин башкы борбору. Арх-ралык эстеликтери: «Агра-форт" («Кызыл форт», 16-к.), Бермет мечит, 17-к., Таж-Махал мавзолейи (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Зоология академиясы (1954-ж. негизделген), ун-т (1927-жылдан), булгаары-бут кийим, текстиль, тамак-аш, айнек, электр-тех. өнөр жай ишканалары бар. 16-к-дан килем токуу, ташты оймо-чиймелеп кооздоо, инкрустация, зергерчилик өнүккөн. 
                                                                                                                    Р. Карачалова.