БАДИГИН Михаил Петрович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Михаил Петрович (21. 10. 1923-ж. т., Ульяновск обл., Новоспасский р-ну, Суруловка кыш.) ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. 1942-ж. Сов. Армияга Ош обл-нун Кара-Суу

р-нунан чакырылган. 1942‒45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, фронтто артиллерист болгон. 1944-ж. Магрушев плацдармы үчүн салгылашуудагы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даӊк ордени, 1945-ж. душмандын Берлинге кире беришинде коргонуусун бузуп өткөндөгү каармандыгы

БАДИГИН108.png

үчүн 2-даражадагы Даӊк ордени, Берлин үчүн салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн 1-даражадагы Даӊк ордени м-н сыйланган. Согуштан кийин партиянын Ош обкомунда инструктор болуп иштеген.