БАГЫШ кыштагы
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Сазан уулу (1878, Нарын обл., Жумгал р-ну, Кара-Суу айылы ‒ 1958, ошол эле жерде) ‒ манасчы. «Манастын» үч бөлүмүн теӊ айткан. Б-тын атасы Сазан сөзмөр, санжырачы, усталык кесип кылган адам болгон. «Манасты» Б. башка манасчылардай кесип кылып эл кыдырып айткан эмес. Б-тын манасчы болуп калганына жакын тууганы Байбагыш Жакып уулунун таасири чоӊ. Замандаштарынын эскерүүсүндө Б. 17‒19 жашында эл алдына «Манасты» айта баштаган. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун башка манасчылар сыяктуу эле түш көрүү м-н байланыштырса да, чоӊ манасчылардан таалим алуусу негизги роль ойногон. Б-тан 1938‒41, 1949-ж. «Манас» үчилтиги жазылып алынат. Жазуу ишине баласы Мухамед-Садыр ж-а Абдыраков Токтаалы деген адамдар катышкан. Б-тан «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүнөн: «Жакыптын эгин айдап байыганы ж-а кан көтөрүлүшү», «Манастын төрөлүшү ж-а балалык чагы», «Алмамбеттин келиши», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоӊ казат ж-а кичи казат» бөлүмдөрү жазылып алынган. Аталган эпизоддордун ичинен «Чоӊ казат» ырааттуу жазылып, окуялар кеӊири баяндалган. Андан жазылып алынган «Манас» башка белгилүү манасчылардыкына салыштырганда көлөмү жагынан чакан, бардыгы 101580 сап ыр («Манас» эпосунан 41 000 сап, «Семетейден» 55 000 сап, «Сейтектен» 5 580 сап).