БАГЫШ, ача туяктуу сүт эмүүчү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Alсеs alсеs) ‒ бугулар тукумундагы ача туяктуу сүт эмүүчү. Дене уз. 3 мге, бийикт. 2,3 мге, салм. 570 кгга чейин жетет; ургаачылары кичирээк. Буттары узун, ичке, ак, башы чоӊ, үстүнкү эрди калыӊ. Эркегинин тамагынын асты

жагында жүндүү териси салаӊдап турат, куйругу кыска, эркегинин күрөк сымал мүйүзү бар, жүнү катуу, мойнунун үстүндө узун жүнү жалга окшоп кетет. Кышында ‒ кара-күрөӊ, жай

БАГЫШ 2106.png

ында кара түстө болот. Европа, Азия токойлорунда, токойлуу-тундрада, токойлуу-талааларда жашайт. Жалгыздан же топтошуп жүрөт. Мүйүзүн декабрда таштайт, жаӊысы августка чейин өсөт. Анын эти ж-а териси үчүн аӊчылык жасалат.