БАГАМА АРАЛДАРЫ, архипелаг

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Атлантика океанындагы архипелаг, Вест-Индияда. Флорида ж.а-нан түн.-батыштан түш.-чыгышка карай Куба ж-а Гаити а-на чейин 1500 км аралыкта созулуп жатат. Флоридадан Флорида кысыгы, Кубадан Эски Багама кысыгы аркылуу бөлүнөт. 700гө жакын аралдан, 2300дөн ашык шуру рифтеринен ж-а аскалардан турат. Эӊ ири аралдары: Андрос (4,1 миӊ км2), Чоӊ Абако (2 миӊ км2), Чоӊ Багама (1,1 миӊ км2). 20 аралында гана эл жашайт. Б. а-нын бири Сан-Сальвадор ‒ Х. Колумб Жаӊы Дүйнөдөн алгачкы ачкан (1492-ж. 12-октябрда) кургактык. Мында Багама аралдары мамлекети жайгашкан.