БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Араб ж. а-нын түш.-батыш учу м-н Африканын аралыгында. Кызыл деӊизди Араб деӊизиндеги Аден булуӊу м-н туташтырат. Уз. 109 км, эӊ кууш жери 26 км, эӊ тайыз жери фарватеринде 31 м. Перим а. кысыкты эки өткөөлгө (Чоӊ ж-а Кичи) бөлөт. Кысык ж-а Суэц каналы аркылуу Европаны Чыгыш ж-а Түш. Азия, Австралия м-н байланыштырган эӊ кыска суу жолу өтөт.