БАБЕЗИОЗДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
б а б е з и е л л ё з д о р ‒ малдын жугуштуу ылаӊы. Ваbesiа уруусундагы жөнөкөйлөр пайда кылат. Иксод кенеси таратат, румын окумуштуусу В. Бабеш ачып (1888), анын ысымынан аталган (1893). Муну м-н көбүнчө уй, кой, эчки, жапайы айбанаттардан ‒ муфлон, аркар ылаӊдайт. Ылаӊ көбүнчө Европа ж-а О. Азияда таралган, негизги белгилери: малдын сүтү 80 %ке чейин азаят; кой, эчки, уй бала салат; ичи катат; тез арыктайт; сийдиги кызгылт, кийин кочкул кызыл болуп, канында мите пайда болот; дем алуусу начарлап, көк боору, боору, бөйрөгү чоӊоюп, өт баштыгына коюу өт толот; анемияга чалдыгат. Гемоспоридин, акаприн, беренил, азидин ж. б. м-н дарыланат. Алдын алуу үчүн жайыттагы ж-а короодогу кенени жок кылуу керек.