БААЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
а к с и о л о г и я

(гр. axia ‒ баалуулук ж-а logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктун табияты ж-дө, алардын реалдуулукта ж-а баалуулук дүйнөсүнүн структурасында алган орду, б. а. ар түрдүү баалуулуктардын социалдык, маданий факторлор ж-а инсандын структурасынын өз ара байланышы ж-дөгү филос. окуу. Б. т. жалпы жонунан бул же тигил доордо маданий салттардын баркы түшкөндүгү нөн ж-а коомдун туруктуу көз карашынын дискредитацияланышынан пайда болуп турган. Баалуулук багыттары инсандын ички, рухий түзүлүшүнүн маанилүү элементтери. Анын мазмунун адамдын саясий, филос. адептик ишеничтери, б. а. анын тереӊ ж-а туруктуу байланыш тары, жүрүм-турумдун адептик принциптери түзөт. М. Жумагулов, Ж. К. Асанов.