АЯНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
план б-ча курулган имараттардын аралыгындагы коомдук мааниси бар жашылдан дырылган бош жер. Шаарларды ж-а кыштактарды курууда А. эки түргө бөлүнөт: башкы аянт (театр, вокзал, соода, коомдук-адм. имараттар дын алдында); кичи аянт (эстеликтердин, парктардын, стадиондордун, окуу жайлардын ж-а

өнөр жай ишканаларынын алдында). Египетте, Грекияда ж-а Римде форумдар үчүн, ал эми Кайра жаралуу доорунда собордук ж-а табынуу үчүн курулган имараттардын алдында А-тар болгон. Дүйнөдөгү белгилүү А-тар: Флоренция дагы Синьория (13‒16-к.), Римдеги Капитолий (16‒17-к.), Ленинграддагы Дворец (18‒19-к.), Москвадагы Кызыл, Манеж, Свердлов А-ы (15‒20-к.), Бишкектеги Ала-Тоо аянты.