АЯЛУУ (АНОМАЛДУУ) БАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ дене бою же психикалык жактан өнүгүшү нормалдуу эмес, атайын шарттарда тарбиялап-окутууну талап кылуучу балдар. Мындай балдардын өсүп-өнүгүшүнүн нормадан четтөөсү тубаса ж-а кийин пайда болгон деп бөлүнөт. Кээде «майып балдар» деген термин да колдонулат. А. б-дын майыптыгынын негизги категориялары: көрүүсү, угуусу, сүйлөөсү бузулган, кем акыл балдар. Аларды тарбиялап, окутуу дефектология илиминин мазмунун түзөт. Мындай балдарды үйрөнүү процессинде майыптыктын башталы шы, анын мүнөзү ж-а убактысы, баланын аномалдуу өсүшүнүн жолдору айкындалат; баланын сезгичтигинин бузулушунун так мүнөздөмөсү (анын угуусу, көрүүсү, ойлоосу канчалык даражада начарлагандыгы ж. б.) берилет. Окутуу процессинде өсүү кемчиликтерин аныктоо ж-а аларды компенсациялап, толуктоонун жолдорун иштеп чыгуу б-ча жүргүзүлүүчү пед. изилдөөлөр өзгөчө мааниге ээ. Баланын сабакты начар өздөштүрүүсү көп учурда анын угуу же көрүү органдары нын начар же психикалык жактан өсүшүнүн төмөн экендигин өз убагында байкап билбеген диктен келип чыгат. Ошондуктан бул кемчиликтер билинер замат ата-энелер педагогдорго ж-а психоневрологдорго кайрылып, консультация алышы зарыл. Мындай баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек.