АЯЛДАР БИРИКМЕСИ
Jump to navigation
Jump to search
‒ алгачкы коомдо бир нече общинадагы аялдарды бириктирген социалдык институт. Ал алгачкы коом ыдырап бара жаткан мезгилде эркектер бирикмесинин пайда болушуна каршы жооп иретинде уюшулса керек. Негизинен Батыш Африка ж-а Меланезия жакка тарап, аялдардын жашыруун бирикмелеринин уюшулушуна өбөлгө түзгөн. А. б-нде өзүлөрүнүн ырым-жырымдарын аткарышкан, жыйналышып майрамдарды өткөрүшкөн. Анын мүчөлөрү жаш курагына карата бөлүнүшкөн. А. б-нин калдыктары Евразиянын айрым элдеринен учураган.
А. Жапаров.