АЯЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ кыш мезгилиндеги атм-нын төмөнкү

темп-радагы абалы. Кар түшкөндөн кийин болот. А. убагында чыкыроондоп, абанын темп-расы төмөндөп, карандай суук өкүм сүрөт. А. айрыкча Жер шарынын уюлдарга жакын жерлерине ж-а бийик тоолуу аймактарына мүнөздүү. Кырг-ндын бийик тоолуу аймактарында (Ак-Сай, Арпа, Суусамыр, Чаткал, Алай ж. б.) А. катуу болот. Кыргыздар мурда А-ды абанын темп-расына жараша темир А., мүйүз А., кийиз А. деп бөлгөн.