АЮ ЧАЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (Prangos pabularia) ‒ өсүмдүктөрдүн чатырдуулар тукумунун шашырлар (Prangos) уруусунун бир түрү, көп жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, узун негизги тамыры бир нече жылда 2 мге чейин жетет. Сабагы тик, бийикт. 60‒175см, бутактуу. Тамырлаш жалбырактары көп, чоӊ, ичке бөлүктөргө бөлүнгөн. Топгүлү 10‒20 нурдуу чатырча. Мөмөсү кош урук, быржыктуу, жээги жаргакчалуу. Жер Ортолук деӊиз аймагында, Батыш, Орто, Борбору Азияда ж-а Гималайда 35ке жакын түрү өсөт. Кургаган жалбырактары малга тоют. Кырг-ндын Чаткал, Фергана, Атойнок кырка тоолорунда кеӊири таралган. Жерг. эл тамырынын кайнатмасы м-н мал котурун дарылашат. А.ч-тын мите кенелерди өлтүрө тургандыгы ил. жактан далилденен .

К. Т. Тургунбаев.