АЮКЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:14, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
А ю х а й [1642 ‒ 19.2.(1.3) 1724] ‒ Калмак хандыгынын ханы (1672-жылдан). Мончак хандын уулу, Жунгар хандыгында тарбияланган. 1669-ж. такка отурган. 1682—83-ж. А-нин аскерлери Россияга каршы чыккан башкырт козголоӊдорун талкалоого катышкан. 1683-ж. келишим б-ча ал түбөлүккө орус букаралыгына өтүүгө милдеттенүү м-н кызматы үчүн орус бийликтеринен маяна алып турган. Ошол эле учурда Россиянын Швеция, Осмон империясы, Крым хандыгы ж-а Персия м-н болгон карама-каршылыктарын, өлкөдөгү көтөрүлүштөрдү өз алдынча саясат жүргүзүүдө ийгиликтүү пайдаланып келген. Россияга таянуу м-н 1670-жылдары Крым хандыгына каршы күрөшүп, 1680‒90-ж. Түн. Кавказга, Казак, Хива, Түркмөн хандыктарына каршы жортуулдарды уюштурган. Болжол м-н 1690-ж. А. келишпес атаандаштарынын баарын жок кылып, калгандары анын бийлигин таанышкан. А. 1690-ж. далай-ламадан хан титулун алган. 17–18-к-дын чегинде өзүнүн уулдарына каршы күрөштө Петр I ден жардам сурап кайрылган. Уулу Санжип 15 миӊ түтүн эли м-н Жунгар хандыгына (1701) көчүп кеткен. А. Астрахан (1705–06), Булавин көтөрүлүштөрүн (1707–09) басууга жардам берген, Түндүк согушунда (1700–21-ж.) анын калмак атчандары орус армиясынын курамын да согушкан. Ишенимдүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Петр I аны алтын кылыч м-н сыйлаган. Анын тушунда хандыктагы башкаруу системасы, салык чогултуу, сот иштерин жүргүзүү тартипке келтирилген. А. акылдуулугу, айлакерлиги ж-а ырайымсыздыгы м-н белгилүү болуп, 50 жылдан ашуун бийлеген. А. Калмыкиянын тарыхындагы ири саясий ишмер катары белгилүү. А. такка мураскер катары кенже уулу Серен Дондукту калтырган. Анын небереси Дондук-Омбо нун тукумдары Дондуковдор, Дондуков-Корса ковдор князь титулуна ээ болушкан.