АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ самолётто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы м-н жер бетиндеги тоотектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, кендерди издөө, чалгындоо ыкмасы. Аэроэлектрдик чалгындоо ыкмасы СССРде (1955-ж.), Швецияда, Канадада ж-а АКШда иштеп чыгарылган. Кендерди издөөдө, геол. съемкада ж-а гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеӊири пайдаланылат. А. ч-до электр-магниттик толкундарды жаратуучу ж-а таратуучу генератор рамасы пайдаланылат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоотек катмарла рына, кенташтарга (рудаларга) өтүү м-н электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электр-магниттик толкундары самолёт тогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып катталат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоотектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал б-ча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. А. ч. ыкмасы жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдо
нуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.