АШЫМБАЕВ
Jump to navigation
Jump to search
Абдааким (21. 12. 1935-ж. т., Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну, Кажар кыш.)‒ КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1984), тоокен иштери б-ча илимпоз, техника илимд. кандидаты (1973). Фрунзе политех. ин-тунун геология ж-а тоокен ф-тетин бүткөн (1965). 1966-жылдан КР УИАнын Тоотектердин физикасы ж-а механикасы ин-тунда инженер, кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы, ин-тун директору нун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдан КМТУда кафедра башчысы. 130дан ашуун ил.
эмгектин (а. и. 3 монографиянын) автору, 1 ойлоп табуунун ээси. Эмгектери кендерди кайрадан иштеттүү ж-а сапаттуу казып алуунун системасын түзүүгө багытталган. Мындан тышкары минералдык сырьёлорду кайрадан иштетүүгө даярдоо жолдорун, жаӊы ыкмаларын, о. эле тоокендердин сапатын жогорулатуу технология ларын иштеп чыгып, аларды ишке киргизген.