«АШЫГ‒ГАРИБ» дастаны

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Кавказ ж-а Ж. Чыгыш элдерине тараган дастан. Азербайжандарда «А-Г-дин» 9 варианты бар. Анын төртөө басмадан чыккан. Дастан 16-к-дагы акын Гарибдин гошма ырынын негизинде жаралган деген божомол бар. Анда Гарибдин бай үй-бүлөдөн чыккан Шахсенемге ашыктыгы баяндалат. Шахсенем Гарибди жети жыл күтүп, жети жылда келбесе, башкага чыгарын билдирип, экөө ажырашат. Гарибди күтө берип энеси эки көзүнөн ажырайт. Гарибди көрө албагандар аны өлдү деп угузуп, Шахсенемди Шахвелде деген жигитке алып бермей болуп той жасашат. Ошол учурда Гариб ырчынын кейпин кийип, сыйкырдуу ат м-н келет да, Шахсенемге өзүн билдирип, душманда рын жеӊип, экөө баш кошушат. Сыйкырдуу дарынын күчү м-н энесинин көзүн айыктырат. «А.-Г-дин» сюжети б-ча М. Ю. Лермонтов жомок, У. Гажибеков ж-а Р. М. Глиэр опералар жазган.