АШШУРБАНИПАЛ
Jump to navigation
Jump to search
А ш ш у р б а н а п а л ‒ Ассириянын падышасы (б. з. ч. 669‒633-ж. чамасында). Ассирия мамлекетин сактап калуу үчүн аскердик ж-а дипломаттык күрөш жүргүзгөн. Ассирияга каршы көтөрүлүш чыгарган Египетке бир катар жортуулдарды жасап, аны багынтса да, Египет Ассириядан биротоло бөлүнүп (655-ж.) кетет. А. батышындагы Тир м-н Арвадды багынтып, чыгыш ж-а түн. жагындагы киммерийликтер, скифтер, персиялыктар ж-а мидиялыктар м-н күрөшөт. Б. з. ч. 653-ж. Вавилонду башкарып турган өзүнүн иниси Шамашшумукин А-га каршы көтөрүлүш чыгарат. Б. з. ч. 648-ж. Вавилонду каратып, андан кийин анын союздаштарын биринин артынан бирин талкалайт. Өмүрүнүн акыркы жылдарын да (639-ж.) Эламды талкалайт ж-а арабдарга каршы жортуул жасайт. А-дын буйругу м-н он миӊдеген тарыхый, диний ж-а ил. жазма
лар жыйналган. А-дын китепкана сы Ниневия дагы ( б. з. ч. 8‒7-к. Ассириянын борбору) 1849‒54-ж. казуулардын жүрүшүндө табылган.