АШУБАЕВ Жекшен

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Жекшен (1912, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Маман айылы ‒ 1943, Ростов-на-Дону) ‒ жазуучу, акын ж-а драматург. 1925‒31-ж. Түптөгү айыл чарба техникумунда окуган. «Кочкор», «Оргочор» совхоздорунун саясий бөлүмүндө (1931‒36), Каракол райком комсомолунун секретары, Кырг-н ЛКСМ обком комсомолунун секретары (1936‒37), Кырг-н ЖСунун ж-а «Советтик адабият жана искусство» журналынын аппаратында, Чүй р-ндук эл агартуу бөлүмүндө (1937‒41) иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал ад-т майданына 1939-ж. келген. Балдарга арналган «Кайырдуу достор» поэмасы (1940), кыргыз интеллигенциясынын

турмушун чагылдырган «Тереӊ кечүү» повести (1941), «Мөмөлөрүм» (1940) пьесасы ж. б. чыгармалары бар. «Достук» аӊгемеси, «Коштошуу» драмасы согуш темасына арналган. Аты туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке берилген.