АШПАРА
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ 8‒15-к-гы шаар калдыгы. Чүй өрөөнүндөгү Чалдыбар кыш-нын батыш тарабында жайгашкан. Алгачкы археол. изилдөөлөрдү В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, кийин 1964‒65-ж. Жети-Суу археол. экспедициясы жүргүзгөн. Шаар сепилден, шахирстандан ж-а дыйкандар м-н кол өнөрчүлөр жашашкан турак үйлөрдөн туруп, сыртынан чеп м-н курчал
ган. Казуу учурунда дубалы сокмо ж-а чийки кыштан салынган үйлөрдүн калдыктары, чопо идиштер (кумара, табак, чыны), үй айбанатта рынын сөөктөрү табылган. Табылгалардын ичинен уйгур алфавитиндеги жазуусу бар уйдун далысы өтө кызыгууну туудурат.