АШИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ байыркы түрк уруусу. Түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу Кытай

дын «Бей ши» (304‒436), «Чжоу шу» (556‒581), «Бей Ци шу» (550‒577) ж-а «Суй шу» (589‒619) тарых наамаларында кездешет. Андагы түрктөрдүн келип чыгышы тууралуу уламыштардын бири б-ча түрк урууларынын ата-бабалары хунн урууларынын түндүгүндө, Со аймагында жашаптыр. Алар 70 бир тууган болуп, эӊ улуусу Ичжини-Нишоду карышкырдын баласы болуптур. Со аймагын душмандар басып алып, алардын ичинен жалгыз Ичжини Нишоду гана аман калыптыр. Анын бир аялы жайдын перисинин кызы, экинчиси кыштын перисинин кызы экен. Биринчи аялынан төрт уул төрөлүп, алардын бири ак кууга айланып кет кен. Экинчиси ‒ Цигу (С. Е. Яхонтовдун пикири б-ча цигу «кыргыз» этнониминин алгачкы фонет. варианттарынын бири) Афу (Абакан суусу, Енисейдин ири куймасы) м-н Гян (Кем, б. а. Енисей) д-нын ортосундагы аймакта, үчүнчүсү Чуси суусунун боюндагы жерлерди башкарып тыр. Алардын эӊ улуусу Надулу-шадды жерг. калк падыша шайлап алышкан. Надулу-шад эӊ кичүү онунчу аялынан Ашина аттуу уулдуу болот. Надулу дүйнөдөн кайткан соӊ анын балдары А-ны баарынан бийик секиргендиги үчүн, Ахян-шад деген ысым беришип, падыша шайлап алышыптыр. Кийинчерээк ошол уламышта айтылган Надулу-шаддын небереси Бумын Алтайда алгачкы Түрк кагандыгын негизде ген. Бул уламышта чындыктын үлүшү бар экендигин окумуштуулар далилдешкен. Н. А. Аристов Со аймагын Алтайдын түн. этегиндеги Лебедь суусунун Бий д-на куйган жеринде жашаган Со уругу м-н байланыштырат. Ичжини-Ни шодунун ак кууга айланып кеткен уулун азыркы алтайлык куукижи (лебединдер) деп белгилейт. Ал эми анын үчүнчү ж-а төртүнчү баласынын жергесин Катун д-на куйган Чүй бассейни не окшоштурат. Н. А. Аристов Ичжини-Нишо дунун экинчи уулу Цигу бийлеген аймакты Енисей м-н Абакан д-нын ортосуна жайгаштырат.
Түрк урууларынын чыгышы ж-дөгү экинчи уламыш б-ча алардын түпкү ата-бабалары бир чоӊ саздын четинде жашаптыр. Кийинчерээк аларды кошуна уруунун аскерлери кырып, бир гана он жаштагы баланы колу-бутун кесип таштап кетишиптир. Аны ургаачы карышкыр багып чоӊойтуп, душмандардын куугунтугунан кутулуу үчүн күйөөсү болгон мунжуну өлтүрүп, Турпандын түндүгүрөөк жагындагы тоодогу чоӊ үӊкүргө келип, он баланы тууйт. Алар чоӊойгондон кийин турпандык айымдарга үйлөнүшүп, ар бири өзүнчө уруктардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан. Карышкырдын он баласынын бири ‒ А. жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында жолбашчылыкка шайланып, анын ысмы ал бийлеген урууга берилип калыптыр. Кийинчерээк Асяншад деген жол башчы А. уруусун үӊкүрдөн алып чыгып, жуан-жуандардын ханына баш ийип калган экен. Бул эки уламыштагы окшош тарыхый маалыматтар, Асян-шад, А. сыяктуу ат же этнонимдер алардын мазмунунда чындыктын үлүшү бар экендигин айгинелейт. Ал эми түрктөрдүн түпкү тегинин карышкыр м-н байланыштырышы жалпы эле Азия элдерине мүнөздүү көрүнүш. Экинчи уламыштын мазмуну б-ча А. уруусунун чыгышы Түн. Кытай ж-а Чыгыш Түркстан м-н байланыштуу. «Суй шуда» деген тарыхый булакта: «Тукйүени н (түрктөрдүн) ата-бабалары Пинлянды н ху (урууларынын) аралашмасынан. Алардын уругунун аты ‒ ашина. Түн. вэйлик император Тай У-ди Цзүйцүйдү жок кылганда А. (уруу жолбашчы сы) 500 үй-бүлө м-н жужуларга (жужундарга) качып кеткен. Алар укум-тукумдашып, Цзиньшань (Алтай тоолорунун) тектеринде жашашып, темир иштетүү м-н кесиптенишкен» деп эскерилет. А. уруусу алгач Алтайга көчүп баргандан кийин жужандарга көз каранды болуп, аларга салык төлөп турушкан. А. уруусунун жолбашчылары Асяншад, Туу ж-а Бумын жүз жылга жакын мезгилде коӊшулаш жашаган калктарды баш ийдиришкен. Алардын уруу бирикме синин саясий жактан жогорулашына байланыштуу «түрк» деген жаӊы термин пайда болуп, ал адегенде А. ак сөөктөрүнө, бийлик өкүлдөрүнө гана тиешелүү болсо, бара-бара уруулар союзунун, андагы калктын, кийин мамлекет тин атына айланган.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950 Т. 1; Зуев Ю. А. Древнетюркские генеалоги ческие предания как источник по ранней истории тюрков. А.-А., 1967; Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Кляшторный С. Г. История Центральной Азии и памятники рунического письма. Спб., 2003. Ө. Караев.