АШЕЛЬ ДООРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
байыркы палеолиттин экинчи баскычы. Франциядагы Амьен ш-на жакын Сент-Ашель жергесинен табылган байыркы эстеликтин аты м-н аталган. А. д-нун байыркылыгы мындан 800‒120 миӊ жыл мурдагы мезгилге барабар. А. д. эрте, ортонку ж-а соӊку болуп бөлүнөт. Ал мезгилде архантроптор, палеоант роптор ж-а алгачкы HOMO SAPIУNSтер жашашкан. Ашель эстеликтери Африкада, Алдынкы ж-а Түш. Чыгыш Азияда, Батыш Европада кездешет. Ири жаныбарларга аӊчылык кылуу биримдикти ж-а жакшы куралданууну талап кылган. Таш куралдары ар кандай иштерди аткарууга багытталып жасала баштаган. Турак жайлардын ар кандай чарбалык иштерге багытталган түрлөрүн айырмалоого болот (мис., аӊчылык турак жайлар, таш иштетүүчү устаканалар). Ашель адамдары отту колдонушкан. Кырг-ндагы эӊ байыркы эстеликтер (Саламат-Булак, Ак-Өлөӊ, Сел-Үӊкүр) А. д-на таандык.

К. Табалдиев.