АШАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(ар. хашар ‒ жардамдашуу) ‒ бир ишти бүтүрүү үчүн көпчүлүк чакырылып, биргелешип иштөө, жардамдашуу салты. А. эмгектин коллективдүү формасы катары байыркы доорлордо пайда болгон. Ал элдик көркөм кол өнөрчүлүктө (килем токуу, чий чырмоо, өрмөк согуу, кийиз жасоо, шырдак шыруу), дыйканчылыкта (отоо, чөп чабуу, эгин оруп-жыюу, арык казуу), мал чарбачылыкта (жүн кыркуу) ж-а үй курулуштарында кеӊири колдонулуп, иштин арымын тездетет. Устаттар үйрөнчүктөргө ишти жасоонун ыкмасын, жол-жобосун көрсөтүшөт. А-га келгендерди үй ээси тамак-аш берип сыйлайт. А. сыяктуу жардамдашуу салты казактарда (асар, «үме»), орустарда («помощь»), украиндерде («толока»), белорустарда («талака») ж. б. элдерде да бар. Бүгүнкү күндө А. элдик демилге салтынын булагынан болуп калды.