АДАМ АТА
(еврейче Адам ‒ киши, сөзмө-сөз ‒ «топурактан жасалган») ‒ алгач Библия, кийин Куранда айтылган Кудай жараткан алгачкы адамдын аты, адамзаттын атасы. Куранда: «кудурети күчтүү Кудай оболу Көк м-н Жерди жаратты... Кудай: «Жарык болсун!» ‒ деди, жарык болду, жарыкты ‒ күн, караӊгыны ‒ түн деп атады. Кийинки күнү Океандын үстүнө көк чүмбөтүн көтөрүп, ... сууну ‒ деӊиз, океан деп, жерди кургак деп атады. Төртүнчү күнү Ай м-н Күндү, жылдыздарды дүйнөгө келтирди. Бешинчи күнү балык ж-а макулуктар м-н канаттуу
лар жаратылды. Алтынчы күнү жер бетинде буттары м-н басып, боору м-н сойлогон жаныбарлар, макулуктар, бака-чаян, курт-кумурс калар пайда болду. Ошол алтынчы күнү акыр соӊунда А. А-ны, Обо энени жаратты. Жетинчи күнү жараткан тыныгып дем алган. Ал күн жекшемби деп аталды», деп берилет. Алла ага бардык буюмдардын аттарын үйрөтүп, периштелерден жогору көтөргөн. Аларды адамзаттын алдында жүгүнөсүӊ деп буйрук берген. А. А. жубайы м-н асмандагы бак-дарактуу бейиште эч нерседен кем болбой жашаган, бирок аларга бейиштин бир дарагындагы жемиштен жешке тыюу салынган. Ибилистин тукуруусуна көнүп, тыюу салынган жемишти жеп коюшкан, ошондон баштап өзүлөрүнүн жылаӊач экендигин байкашкан, кийин жазаланып жерге куулуп, өмүр бою, өзүлөрү гана эмес, тукуму да эмгектенүүгө мажбур болушкан. Уламага караганда А. А-нын денеси үчүн топурак Мекеден ж-а Йеменден алынган. Ар кыл расаларга, тилдерге, этностук топторго кирген элдердин бардыгынын ата-теги А. А-га барып такалат. Уламыштарда А. А. ‒ Алланын жараткан пенделеринин алгачкысы, Мухаммед‒пайгамбарлардын акыркысы деп эсептелет.