АНДРОМЕДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:31, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш Андромеда тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. Андромеда топ жылдызынын а, β жана ץ жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, Андромеда жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. Андромеданын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да α жылдызы.