АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:30, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ – Талас районунда, Кыргыз Ала Тоосунун түштүк капталында, Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2600 м бийиктикте жайгашкан. 1956-жылы табылып, 1982–1985-жылдарда издөө жана 1986–1988-жылдарда баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери жана аны жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Кенташ ордовик жана силур мезгилдеринин кумдук, сланец тектери менен гранит-диорит интрузиясынын кошулган жериндеги брекчияланып, серпентиниттешип, хлориттешип өзгөргөн тилкесинде топтолгон. Кенташ (руда) тулкусу тарам, линза түрүндө жатат. Негизи минерал дары: халькопирит, малахит, пирит, халькозин, галенит ж. б.; компоненттери: жез, алтын. Жездин кенташтагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы 1,83 г/т. Божомолдуу ресурсу: жездики 29953 т,алтындыкы 15 т.