АЛФЁРОВ Жорес Иванович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:08, 1 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛФЕРОВ Жорес Иванович (15. 03. 1930-жылы туулган, РФ, Витебск шаары) – физик, СССР ИАнын академиги (1979), Лениндик сыйлыктын (1972), СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1984), Нобель сыйлыгынын (2000, X. Кремер м-н бирге) лауреты. В. И. Ульянов – Ленин атындагы Ленинград электр техникалык институтун бүтүргөн (1952). 1953-жылдан Ленинград физика – техникалык институтунда илимий кызматкер,1958-жылдан ошол институттун директору болуп иштеген. Россия ИАнын вице-президенти (1990–2002), Россия ИАнын Санкт-Петербургдагы илимий борборунун президиумунун председатели (1989-жылдан). Ал жаңы технологияны иштеп чыккан жана германий вентилинин конструкциясын (1958), 1961-жылы кубаттуу германий түзөткүчүн түзүп, анын негизинде күчтүк жарым өткөргүч электроника пайда болгон. Гетероөткөөлдүн физикалык мүнөздөмөсүн изилдеген ж-а ал жарык диодунда, күн батареясында, динистордо ж-а транзистордо, спутниктик телекөрсөтүүдө колдонулат.

Эмг.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).