АНАМНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАМНЕЗ (гр. anamnesis – эстөө) – ден соолугу, жашоо шарты, мурда кандай оору менен ооругандыгы жана башка жөнүндө бейтап өзү же аны жакшы билген адамдар билдирген маалымат жыйындысы. Дарыгер дарттын диагнозун туура коюу жана дарылоо үчүн пайдаланат. Анамнез – дартты так табууга мүмкүндүк берүүчү изилдөө ыкмасы.