АМРИТСАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМРИТСАР – Индиянын түндүк-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Жолдор тоому. 1577-жылы Өлбөстүк көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний жана маданий борбору болгон. Aмритсарда сикхтердин эң ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-кылым) жайгашкан. «Алтын храм» 1761-жылы кыйроого учурап, кийин кайра калыбына келтирилген, индустардын Дургиана храмы да бар. Амритсар - өлкөнүн өнөр жай жана соода борбору; текстиль, химиялык машина куруу, болот, прокат, кант өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн.

Р. Карачалова.