АММАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АММАН – Иордания Хошимит Королдугунун борбор шаары. Амман губернаторлугунун администрациялык борбору. Зерка дарыясынын боюнда, өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2013). Жолдор тоому. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, тамеки, текстиль, цемент жана башка өнөр жайлары иштейт. Университет, археологиялык жана ислам музейлери бар. Байыркы убакта Раббат-Аммон, эллада-рим доорунда Филадельфия деген ат менен белгилүү. 1921-жылы Трансиордания эмирлигинин,1946-жылдан көз карандысыз Иорданиянын борбору. 7–9-кылымдарда араб халифаттыгынын, 10-кылымдан кийин Жакынкы Чыгыштын ар кайсы мамлекетинин курамында болгон. Байыркы Рим жана араб курулмаларынын урандылары сакталган.