АМБУЛАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:42, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМБУЛАТОРИЯ (лат. ambulatorius – көчмө,төшөккө жатып калбаган) – элге ооруканадан тышкары медициналык жардам көрсөтүп, дарылоочу жана ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. Амбулаториялык жардам оорулуунун жашаган жана иштеген жерине, кайсы мекемеге бекитилгендигине карата жүргүзүлөт. Амбулаториянын поликлиникадан айырмасы, мында хирургия, ички оорулар, тиш оорусу (айрым учурда төрөт жана аялдар оорусу, балдар оорусу) сыяктуу негизги адистиктер боюнча гана медициналык жардам көрсөтөт. Амбулатория оорукана менен бирге же өзүнчө болот. Мында дарылоо иштеринен тышкары ооруну алдын алуу чаралары, санитардык агартуу жана башка иштер кеңири жүргүзүлөт. Элге көрсөтүлгөн бардык

медициналык жардамдардын көбү айылдык Амбулаториялык мекемелер болгондуктан, алардын мааниси чоң, к. Саламаттык сактоо.