АЛЮМИНОТЕРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:20, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЮМИНОТЕРМИЯ (алюминий жана гр. therme – жылуулук) – металлдарды жана металл эместерди (ошондой эле куймаларды) алардын кычкылтектүү бирикмелеринен алюминий металлынын жардамы менен калыбына келтирип алуу процесси. Анда алюминий майда күкүм түрүндө колдонулат. Алюминотермияда башка металлдарга караганда алюминий кычкылтек менен аракеттенгенде өтө көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Жылуулук металлдардын көп бөлүнүүсүнө жана анын шлактардан толук тазаланышына негизги шарт болуп эсептелет. Алюминотермия марганец, хром, ванадий, вольфрам жана башка металлдарды алууда жана болоттон жасалган буюмдарды, рельстерди ширетүүдө колдонулат.