АЛЬМАНАХ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:06, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬМАНАХ (ар. аль-манах – календарь) – 1) коомдук иштердин ар кандай тармагындагы, көбүнчө адабий жаңылыктар, илимий жетишкендиктер, мыйзамда болгон өзгөрүүлөр жана башкалар жөнүндө маалыматтар берилген жыйнак (альманахтын бул түрү календарь-маалыматтамага окшош); 2) адабий альманах – көбүнчө кандайдыр бир окшоштуктары (тематикасы, жанры, идеялык көркөмдүгү жана башка) боюнча түзүлгөн адабий чыгармалардын жыйнагы. 18-кылымдын орто ченинде Францияда, 18-кылымдын аягында Россияда чыга баштаган. Кыргызстанда 1950-жылдан кийин жаш калемгерлердин «Кыргызстан», «Учкун», «Көктөм» альманахтары чыгып келген.