АЛЬБИТОФИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБИТОФИР, к е р а т о ф и р – структуралык түзүлүшү порфир сымал эффузивдүү тоотек. Альбитофирдин порфирдик бүртүкчөлөрү жанa майда кристаллдарынын көпчүлүгү альбиттен турат. Трахит жана андезит лаваларынын метаморфизмделишинен пайда болот. Байыркы эффузивдердин арасында дайка, кичине интрузия, майда шток түрүндө кездешет. Альбитофир көбүнчө имараттардын дубалын кооздоо үчүн пайдаланылат.