АЛЬБИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБИТ (лат. albus – ак) – плагиоклаздар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Na(AlSiɜ0e). Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, ага ар кандай түстөр кошумчаланып турат. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6-6,5, тыгыздыгы 2600-2650 кг/м³. Салмагы 2,62-2,65. Альбит кычкыл жегичтүү тоотектерди жанa пегматиттерди түзүүчү минерал. Таза альбит карала иштетүүчү ишканаларда, фарфор жана фаянс буюмдарын жасоодо колдонулат.