АЛЬБЕРТ ВЕЛИКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:28, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБЕРТ ВЕЛИКИЙ Альберт фон Больштедт, Альберт Кельнский (1193 же 1207, Лауцнген – 15.11.1280, Кёльн) – немец теологу, философ, монах-доминиканец. Германиянын доминин мектептеринде (1228–1240), Париж университетинде (1245–1248), Кёльндеги доминикан мектебинде окутуучу болуп иштеген. 1260–1262-жылдары Регенсбургда епископ, кийин кайрадан окутуучулук ишти аркалаган. Ал эркин искусствону, табигый илимдерди, медицинаны, ошондой эле Аристотелдин философиясын окуган. Альберт Великий Аристотелдин, Авиценнанын, Августиндин жана Псевдо-Дионийдин эмгектерин өздөштүргөн. Анын эмгектеринде Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер басымдуулук кылат. Альберт Великийдин философиялык табигый илимий кызыкчылыктарынын кеңдиги аны «doctor universalis» деген наамга жеткирген.

                                                                                                                          Ш. К. Алиева.<br