АКМАТОВ Таштанбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:44, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВ Таштанбек (15. 03. 1938‑жылы туулган, Ысык­-Көл облусу, Тоң району, Көк‑Сай айылы) – мал чар­ба өндүрүшүнүн новатору, эки жолку Социалисттик Эмгектин

АКМАТОВ50.png

Баатыры (1976, 1986), Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1982). 1977‑жылы К. И. Скря­бин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн. 1955‑жылдан Ысык­-Көл облусунун Тоң районундагы 22‑партсъезд атындагы колхоздо чабандын жардамчысы, баш чабан болуп иштеп, 1976­-1982‑жылдары койдон төл жана жүн алууда эң жогорку көрсөт­күчтөргө жетишкен. 1982­-жылдан ирилештирилген чабандык бригада түзүп, бригадада ар жүз тубар койдон 143төн козу, ар койдон 5,1 кгдан жүн кыркып алган (1983‑1985). 1987‑1991‑жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин Президиумунун председатели, 1989-19­91‑жылдарда СССР Жогорку Советинин, 1987‑1990‑жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана ме­далдар менен сыйланган. Акматовдун коло бюсту Тоң районунун Ак‑Сай айылына тургузулган (1988, ай­келчиси Т. Садыков).