АКЕНЕЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:38, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЕНЕЕВ Жумакадыр (22.01.1954‑жылы туулган, Ысык­-Көл облусу, Тоң району, Улахол совхозу) – эконо­мист, экономика илимдеринин доктору (1998), КРдин эмгек сиңирген экономисти (1996). Фрунзедеги поли­техникалык институтун бүтүргөн (1976). Ошол эле институтта окутуучу, айыл чарба экономикасынын ИИИн­де сектор башчы, КРдин Улуттук статкомите­тинин председатели, КРдин Айыл жана суу чар­ба министри, 2002‑жылдан КМУУнун профессо­ру. Айыл чарба экономикасын изилдөө боюнча адис. 70тен ашуун илимий иштери жарыяланган. Негиз­ги эмгектери сугат жерлерди үнөмдүү, натыйжа­луу пайдалануу жана рынок экономикасынын маселелерине арналган.
Эмг.: Проблемы рационального использования оро­шаемых земель. Б., 1997.