АКИМАЛИЕВ Жамин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:38, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКИМАЛИЕВ Жамин (05. 05. 1936‑жылы туулган, Тянь-Шань облусу, Ак‑Талаа району, Үгүт айылы) – агроном, айыл чарба илимдеринин доктору (1981), профессор (1982), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1979), академик (1993), РАЧИА­нын академиги (1992). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кыз­маткери (1993). 1956‑жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин улук илимий кызматкери

АКИМАЛИЕВ40.png

(1961-1962), директордун илимий иш боюнча орун басары (1962‑1963), Кант кызылчасы боюнча таж­рыйба‑селекция станция­нын директору (1963‑1968), Кыргыз ССРинин Айыл чар­ба министринин биринчи орун басары (1968‑1971), Со­кулук райкомунун 1‑секре­тары (1971‑1979), КАЧИнин ректору (1979‑1986), Кыргызстан дыйканчылык ИИИнин генералдык директору (1987‑1996, 2001‑жылдан). КААнын президенти (1996‑2001). Негизги эмгектери кант кызылчасы­нын азыктуулугун көтөрүүгө арналган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Ма­нас (III даражадагы) ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Жогорку түшүм алуунун жолдору. Ф., 1965; Сугат жерлериндеги кант кызылчасы. Ф., 1967; Вы­ращивание сахарной свёклы в Киргизии. Ф., 1971; Система возделивания орошаемой сахарной свёклы в Киргизской ССР. Ф., 1974.