АЛЕКСИЙ II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:42, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСИЙ II, Р и д и г е р А л е к с е й М и х а й л о в и ч (23. 2. 1929, Таллин шаары ‒ 5. 12. 2008, Москва) ‒ Москва жана Бүткүл орус патриархы (1990-жылдан).

АЛЕКСИЙ II54.png

19641968-жылдарда Таллин, Эстон архиепископу, Москва патриархатынын иш башкаруучусу, Ыйык синоддун туруктуу мүчөсү. 1968‒1988-жылдары Таллин жана Эстон, 1988‒1990-жылдары Ленинград жана Новгород митрополити болгон. Бүткүл дүйнөлүк христиандык чиркөөлөрдү бириктирүү боюнча экуменисттик кыймылдын көрүнүктүү ишмерлеринин бири. 1964‒1987-жылдары европалык чиркөөлөр конференциясынын президенти (1987-жылдан анын Президиумунун төрагасы). Россия билим берүү академиясынын академиги (1993).