АКУНОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:23, 15 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКУНОВ Аалыбек (10. 3. 1958-жылы туулган, Нарын облусу, Коч­кор району, Ак-Учук айылы) – саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору (2001), профессор (2002). Ж. Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты (1998). 1981-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1981–1982-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик архивинде архивчи, 1982-жылы Кыргыз Со­вет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук редактор, 1982–1996-жылдары КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, 1996–1999-жылдары КМУУнун окуу борборунда директор, 1999–2001-жылдары КМУУда Мамлекеттик башкаруу жана социалдык изилдөө институтунун директору, 2001-жылы КМУда декан, 2001–2005-жылдары ЕККУнун Бишкектеги Академиясында проректор, 2006–2010-жылдары "Ак-Чий-Боко" айыл чарба кооперативинин төрагасы, 2006–2008-жылдары КР Президентинин Администрациясында Социалдык жана гендердик саясат секторунун башчысы, 2010-жылы КУУнун Коомдук жана гуманитардык илимдер институтунда директор, 2010–2011-жылдары Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору, 2011-жылдан И. Раззаков атындагы КМТУда профессор, кафедра башчысы. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын саясий тарыхын, мамлекеттик башкаруу жана адам укуктарын изилдөөгө багытталган.