АКТИНОЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 15 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search


АКТИНОЛИТ (актиножана гр. lithos ‒ таш), н у р л у у т а ш ‒ амфиболдор тобундагы минерал. Химиялык формуласы Ca(Mg,АFe2+) (Si4O11)2(OH) 2.. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү жашыл, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5‒6; с. салмагы 3,1‒3,3. Актинолит ‒ метаморфизмделген сланецтерди, скарндарды түзүүчү минералдардын бири. Тал-тал ичке булалардан турган түрү ‒ актинолит-асбест (амиант), майда кристаллчалардан түзүлгөн тыгыз түрү нефрит (жад) деп аталат. Нефрит кооздук таш катары колдонулат, актинолит-асбесттен отко, кислотага чыдамдуу материалдар жасалат.