АЦТЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:13, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 , а с т е к т е р (өздөрүн науа, теночкалар, мешика деп аташат) ‒ Борб. Мексикадагы индей элдери. Саны 1 млн адам (2011). Ацтек тилинде, о. эле испан тилинде да сүйлөшөт.
АЦТЕКТЕР74.png

А-тер католик динин тутушат. 12-к-да Мехико өрөөнүндө науа көчмөн уруулары пайда болгон. Бул уруулар өрөөнгө бир нече жолу кол салышып, жеӊишке ээ болушкан. Алар миштектер, тольтектер-науа тилдүү жерг. элдер м-н ассимиляция ланып, алардын мад-тын кабыл алышкан. 1325-ж. А. Теночтитлан ды (азыркы Мехико) негиздешкен. 1427-ж. алгач Анауак өрөөнүн, кийин бүт борб., батыш ж-а түш. Мексиканы каратышкан. 15-к-дын ор тосунда А-дин мамлекети түзүлгөн. Теночтит лан 4 ири ж-а 20 чакан кварталга бөлүнгөн. Квартал башчыларынын ичинен башкы башкаруучулар шайланып, бийлик мураска калган. Мифтик, календардык үрп-адат, салттар, ритуалдык оюндар, пиктографиялык жазуулар ж. б-лар өнүккөн. А-дин негизги кесиби ‒ дыйканчылык ж-а мал чарбачылык. Аялдар токуучу лук, өрмөчүлүк (согуучулук) өнөрү м-н кесипте нишип, чий, камыш, пальма жалбырактары нан түрдүү түстөгү калпактарды, баштык, себеттерди; эркектер карапа буюмдарын жасашкан. А-де жалданма жумушчу күчү таралган. А. адобдон, камыштан же пальма, агаванын жалбырагынан жалпак ж-а жантаймалуу чатырчалан ган үйлөрдө жашашкан. Адобдон конус сымал жабылган, бийик тосмолуу эгин сактоочу кампа, буу мончолорун салышкан. А-дин негизги тамак-ашы ‒ тортильа, мансо унунан даярдалган суюк ботко, буурчактан даярдалган ж. б. азыктар. Эгинди майдалоодо жаргылчакты колдонушкан. Агаванын согунан пульке суусунду гун, кант камышынан ичкилик ичимдигин даярдашкан. Эркектер мексика тибинде жамынма сырт кийим кийишип, белдерине кездеме кур байланышкан. Аялдар ак ж-а саймаланган уипилдерди, узун юбкаларды кийишип, кооздолгон кур курчанышып, башына шалы жоолук салынышкан. А-де бука м-н кармашуу сыяктуу театрлаштырылган көрсөтүүлөр, байыркы календардык ырым-жырымдар (Кецаля, Вола

Кецаля бийи.

дор бүркүттөрүнүн бийи) сакталып калган.
Ш. Керимова.