АККАРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:44, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АККАРОЗ, а к а р а п и д о з – аарынын кене пайда кылуучу ылаңы. Acarapis Woodi Rennie кенеси пайда кылат. Ургаачы кене аарынын ке­киртегине жумуртка таштап, 3‑4 күндөн кийин андан личинка, 7‑8 күндөн кийин чоң кене пай­да болуп, кекиртеги бүтөлүп, дем алуусу бузу­лат. Ылаң биринен экинчисине жугат. Ал көбүнчө жаз, жай айларында пайда болот. Ылаңдуу аарынын канаты жайылып уча ал­байт. Алар өзүнчө бөлүнүп, карантин коюлат. Фольбек, эфир сульфонат, тедиондун аэрозоль тү­рүндөгү түтүнү, ошондой эле тез буулануучу уулуу суюк­тук (нитробензол, метилсалицилат, этилсали­цилат) менен дарыланат.